Представительство
Низами Гянжави

Низами Гянжави

Низами Гянжави

                                           Низами Гянжави                                                                                                                                                       

Низами Гянжави деген лакап ат менен таанымал болгон Мухаммад Ильяс ибн Юсуф – перс поэзиясынын классиги Гянжа шаарында болжол менен 1141-жылдарда жарык дүйнөгө келген. Низами өзүнүн чыгармалары менен Исламга чейинки доорду Ислам доору менен жана да Иранды бүткүл байыркы дүйнө менен бириктирген көпүрө түзгөн. Низаминин өмүрү жөнүндө маалымат жокко эсе, болгону анын жашоосу жөнүндө так маалыматтар жазылбаган гана чыгармалары калган. Анын өз аты – Ильяс, атасынын аты Юсуф, чоң атасынын аты Заки болгон. Ал төрөлгөндө эле ага Абу Мухаммад Ильяс ибн Юсуф ибн Заки Муайад  деген толук ат ыйгарылган. Кийинчерээк адабий чыгармачыл адам өзүнө лакап ат катары “Низами” деген атты тандап алган. Анын үй бүлөсү саймачы болушкан бирок чыгармачыл жөндөмү оргуштаган Низами поэтикалык чыгармаларды жаратуу үчүн саймачы болуудан баш тарткан.

Анын туулган жылы жана күнү тууралуу так маалымат жок. Болгону, Низами таануучулар менен азыркы замандын кээ бир изилдөөчүлөрүнүн маалыматтары боюнча анын төрөлгөн жылы 1140-1146 (535-540) жылдардын ичинде деп белгилешкен. Ошого карабастан салтка ылайык Низами төрөлгөн жылды 1141-жыл деп табышып, ЮНЕСКО  тарабынан расмий түрдө катталган. Акындын туулган жери да көптөгөн талаш тартыштарды жараткан. Кожо Лютф Али Бей “Атешкеде” атту биографиялык чыгармасында (ХVIII кылым) Низаминин “Искендер наме” аттуу чыгармасына таянып анын туулган жерин Ирандагы Кум шаары деген. Орто кылымдагы Низами таануучулар  (ХIII к. Ауфи Садид-ад-дин, ХV к. Доулатшах Самарканди ж. б.)  Низаминин туулган жерин Гянжи шаары деп билишет. Ал эми академик Э.Бертельс Низаминин эң мыкты жана байыркы чыгармаларында Кум шаары жөнүндө айтылбаганын белгилейт. Азыркы убакта академиялык авторлор тарабынан Низаминин атасы Кум шаарынан болгон, бирок Низами өзү Гянжи шаарында төрөлгөн деген ойду тастыкташат. Низаминин жашоосу 1077-жылдан 1307-жылга чейинки Сельжук империясынын тушунда болгон.   Низаминин “Искендер наме” чыгармасындагы айтылган “Тафриш” зороастрий дининин ири борбору болгон жана Борбордук Ирандагы Тегеран шаарынан 222 км. алыстыкта жайгашкан.

Низами эң мыкты тарбия-таалим алган, өз заманынын үлгүсү болгон. Өткөн  заманда акындар билимдин бир нече тармактарын окуп-үйрөнүү абзел эле. Бирок, акындарга болгон катуу талаптарга карабай Низами өзүнүн акылмандыгы жана чечндиги менен өзгөчөлөнгөн. Анын поэмалары араб, фарсы тилдерин жана адабиятын гана эмес математика, астрономия, астрология, алхимия, медицина, ботаника, дин, Куранды чечмелөө, ислам укуктарын, христиан жана иудаизмди, Ирандын мифтерин жана жомокторун, тарых, этика, философия, эзотерика, музыка, көркөм чыгармаларды да жакшы билгендигин тастыктайт.

Низамини көбүнчө Хаким (акылман) деп аташканы менен, ал Аль-Фараби, Авиценна жана Сухравардилердей болгон философ болгон жана Ибн Арабиили Абдурраззак аль-Кашанидей суфизмдик теорияны чечмелеп түшүндүрүүчү болгон. Аны ислам философиялык ой-толгоолорунун баардык бөлүмдөрүн мыкты билген философ жана гностик катары эсептешкен.

Тилекке каршы Низаминин жашоо турмушу жөнүндө маалыматтар калган эмес, бир гана так маалымат ал хан сарайдын акыны болгон эмес, анткени  хан сарайдын акыны болуу менен ал өзүнүн акыйкаттыгын жоготуудан, өз эркиндигинен ажыроодон чочулаган, анткени ал акындык чыгармачылыгындагы эркиндикти каалаган. Низами салтты жолдоо менен өзүнүн чыгармаларын ар кандай династиялардын башкаруучуларына арнаган. Ошондуктан “Лейли жана Мажнун” чыгармасын Ширваншахтарга жана “Жети чүрөк” чыгармасын Ильгиздердин атаандаштарынын бири Марагинин Атабектери (Ахмадилиздер) Ала Ал Динге арнаган.

Жогоруда айтылгандай Низами Гянжи шаарында өмүрүн өткөргөн. Ал үч жолу үйлөнүп, анын биринчи сүйүктүү жары Афак, кыпчактардын полов уруусунан чыккан күң болгон. Аны дербенттин башкаруучусу Музаффар ад-Дин  1170-жылдары Низамиге белек кылган. Низами Афакты күңчүлүктөн куткарып ага үйлөнгөн. 1174-жылдар чамасында алар наристелүү болушуп, атын Мухаммад деп коюшкан. 1178-1179-жылдары Низами өзүнүн “Хосров жана Ширин” чыгармасын аяктап калган учурда анын жубайы Афак жарык дүйнө менен кош айтышкан. Низаминин кийинки эки жубайы да жаш кетишкен, өкүнүчтүүсү кийинки эки жубайынын өлүмдөрү да Низами ар бир чыгармасын жазып бүтүп аткан маалга туш болгон.

Низаминин чыгармалары жөнүндө профессор Челковский анын сүйктүү иши Фирдоусинин Шахнаме (Шахтардын китеби) чыгармасын окуп-изилдөө болгон деп эскерет. Низамини чыгармачылыгына Ирандын Катран Табризи, Санаи, Фахраддин Гургани жана тарыхчы Ат-Табари сыяктуу чыгармачыл даанышмандар да таасирин тийгизген. Фирдоусинин чыгармалары Низами үчүн “Искендер наме” чыгармасын жазууда эргүү болгон жана “Искендер наме” чыгармасында дайым Шахнамеге шилтемелерди жасаган. Ал ар дайым Фирдоусинин  чыгармаларына баа берип, суктанып турган, ошонун негизинде өзүнө Фирдоусинин Шахнамэ эпосуна тең келе тургандай баатырдык эпос жаратуу максатын койгон жана өзүнүн “Жети чүрөк”, “Хосров жана Ширин” жана “Искендер намэ” чыгармаларын жазууда негизги булак катары “Шахнаме” эпосун колдонгон.  Низами Фирдоусини “хаким” – даанышман жана искусствонун, чыгармачылыктын чечени деп атаган. Ал өзүнүн уулуна Шахнамени сөзсүз түрдө окуп, андагы маанилүү акыл-ойлорду ээсине сактап калууну сунуштаган. Бирок Э. Бертельстин айтуусу боюнча акын өзүнүн чыгармаларын Фирдоусинин чыгармаларынан да бийик деп эсептеп “Акын “таарды – жибекке”, “күмүштү -  алтынга” айландыргысы келген”. 

Низами поэтикалык чыгармаларды жараткан, бирок алар драматикалык жактан айырмаланат. Анын романтикалык поэмаларынын мазмундары психологиялык кыйынчылыктарды баяндоону күчөтүүгө ыкталган. Анын каармандары кыйын кырдаалда өзүлөрүн, башкаларды жана акыйкатты таанып-билүү үчүн тезинен чечим кабыл алуулары керек. Ал чыгармаларында каармандардын психологиялык кубулуштарын жаратып, адамдардын чын сүйүүгө жолуккандагы жан дүйнөсүнүн байлыгын жана кыйынчылыктарын ачат. Ал романтикалык чыгармалардын чебери болгон. Низами фарсы тилинде жазган жана аллегорияларды, үлгү насыят жана көп маанилүү сөздөрдү колдонуу менен фарсы тилин жаңы бийиктике чыгара алган. Ал көптөгөн метафораларды, неологизмдерди киргизип, ар түркүн стилистикалык гиперболаларды, анафора, аллюзияларды, татаал сөздөрдү жана элестерди колдонгон. Низами өзүнүн чыгармачыл стилинде каармандардын жүрүм-турумунда жөнөкөй сөздөрдү колдонбоого дадалат кылган. Дагы бир Низаминин өзгөчөлүгү афоризмдерди (санат сөздөрдү) жаратуу. Мисалга, кээ бир авторлор “эпиграмма стили” деп аташкан “Лейли жана Мажнун” чыгармасын алалы, Низами бул чыгармада идиомаларды көп колдонуп, стилистика жагынан, өзгөчө сүйлөшүүдө жана монологдордо оңой жазылган. Низами өзүнүн стилин “гариб” – “сейрек, жаңы” деп, өзүн “сөздөрдөрдүн сыйкырчысы” жана “сокурлардын күзгүсү” деп атаган.

 

Бүгүнкү күндө Низаминин лирикалык поэзияларынын азы гана сакталып калган. Негизинен булар касыдалар  (ода) жана газелдер (лирикалык ырлар). Низаминин сакталып калган лирикалык “Диваны” 6 касыдадан, 116 газельден, 2 китадан жана 30 рубаиден турат.

Низаминин негизги чыгармалары бул беш поэмасы  жалпылап атаганда “Панж ганж” (“Беш кенч”) дегенди билдирген “Бешилтик” (Хамса). 

“Хосов жана Ширин” 1175/1176-жылдардан 1191-жылга чейин 16 жылдын ичинде жазылган жана сельжуктардын султаны Торгул III кө (1175-1194жж.), атабек Мухуммад ибн Элдигиз Жахан Пахлаванга (1175-1186жж.) жана анын иниси Кызыл Арсланга (1186-1191жж.) арналган.  

 

“Лейли жана Мажнун” поэмасы 1188-жылы жазылып ал-Малик ал-Муаззам Жалил ад-Даула ва-д-Дин Абу-л-Музаффар Ахситан ибн Минучехр Ширваншахка (1160-1196-жж.) арналган.

“Хафт пейкар” (кыргызча котормосу “Жети чүрөк”) 1197-жылы жазылган жана Мараги Алладин Курп-Арсланга арналган.

“Искендер наме” поэмасы 1194-1202 жылдар аралыгында жазылып Пишкинид  династиясынан (1155-1231-жж.) чыккан Шеддадид Арран вассалы болгон грузин улутундагы малек Ахара Носрат-ал-Дин Бискин бин Мохаммадка арналган.

XIX кылымдан баштап Низаминин чыгармалары Батыш Европа тилдерине жан башка көптөгөн тилдерге которулуп баштаган. 1920-1930 жылдары орус изилдөөчүлөрү жана котормочулары “Жети Чүрөк” “Лейли жана Мажнун”, “Хосров жана Ширин” поэмаларынан үзүндүлөрдү которуп башташкан. Анын чыгармаларынан “Жети чүрөк” поэмасы кыргыз жазу учу жана котормочу Э. Эрматов тарабынан, ал эми акындын башка поэмаларынан үзүндүлөр К.Басылбеков тарабынан кыргыз тилине да которулган.

 

Анын өлүмү тууралуу так маалымат жак. Орто кылымдардагы биографтар Низаминин өлгөн жылы тууралуу (575-613 жж./1180-1217 жж.) 37 жылдын аралыгын белгилешет. Болгону Низами ХIII-кылымда көз жумганы белгилүү.  Гянжидеги арабча жазууларга ылайык Низаминин өлгөн жылы хежри жылнамасы менен 605-жыл (1208-1209 жылдар) деп  Бертельс белгилеген. “Искендер Намедеги” текстердин негизине таянсак, Низаминин жакындарынын бири же анын уулу болушу да мүмкүн, акындын өлүмү жөнүндө “Искендер наменин” экинчи китебине, Платон, Сократ, Аристотель сыяктуу байыркы философтордун өлүмү жазылган бөлүмүнө жазган.  Бул жазганында акындын жашы  хижри жылнамасы менен 598-жылы (1201/1202-жылдар) деп берилген.

ЮНЕСКО Низаминин төрөлгөн жылын 1141-жыл деп билип, акындын 850 жылдык урматына 1991-жылды “Низами жылы” деп белгилеген. 1991-жылы Низаминин  урматына көптөгөн эл аралык конгресстер Вошингтондо, Лос-Анжелесте, Лондондо жана Тебризде өткөрүлгөн. Жада калса анын урматына “Низами Гянжавиге 850 жыл” деген тыйын да чыккан.

 

 

 

Низами Гянжавинин ыр саптары

 

Карымайын, ажалыбыз келмейин

Көр оокат деп, тырмалаңдап тынбайбыз.

Жетиш үчүн коздоп койгон максатка

Кандай гана аракетти кылбайбыз

***

Тырнактай болсо дагы жакшы нерсе

Жамандын чоңунан эн, чындап келсе

                    

 

***

Туугансыз, доссуз жалгыз жашаш кыйын,

Эл менен адамсың сен, көрүп сыйын.

***

Таптаза алтын экен сөздүн жаңы,

Эскирбейт, унутулбайт, күчтүү дагы.

Биринчи, таразага тартып аны

Андан сон, ишибизге жараталы

                 

***

Күзгүдөн таалим алып, суктан, таңдан,

Көрө албайт жок нерсени көзүң андан.

***

Кош айтышып, таштаганга жалганды,

Эч бир дары көрсөтө албайт жардамды.

***

Сүйбөгөн да, жана дагы сүйүп-жанып көнгөндөр,

Эбак муздап, быкшып, жанбай, кор тагдырды көргөндөр,

Жер үстүндө жүрүшсө да, бар болсо да ал-күчү,

Алар деген эсепте жок, алар анык өлгөндөр.

***

Сактыкта кордук жок дейт элдин сөзү,

Келтирбейт сага зыян анын өзү.

***

Адамсыңбы, - адам болсун жакының,

Тарт өзүңө адамдыгың, акылың.

***

Тынччылыктын жолу менен максатка

Эки жак тең жетер болсо эгерде.

Айткылачы, деги эмне кылабыз

Кан майданда кан тогүшүп бекерге?

 

http://wiki.ahlolbait.com/%D9%86%D8%B8%D8%A7%D9%85%DB%8C_%DA%AF%D9%86%D8%AC%D9%88%DB%8C

 

Имя Низами Гянжави
Страна Иран
работы“Искендер наме” , “Жети Чүрөк” “Лейли жана Мажнун”, “Хосров жана Ширин” поэмалары. “Панж ганж”
Введите текст и нажмите Enter

:

:

:

: